Премьер-министр Темир Сариев мекендештерди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Өкмөт башчынын куттуктоо текстин 1-июнда өкмөттүн маалымат кызматы таратты.
Куттуктоонун тексти:
“Кымбаттуу балдар! Урматтуу ата-энелер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Балдар - дүйнөнүн келечеги. Биз үчүн бул күн өзгөчө мааниге ээ, анткени бүткүл адамзат бул күнү Балдардын күнүн белгилөө менен өсүп келе жаткан муунду татыктуу тарбиялоого, балдарды зомбулуктан коргоого, алардын саламаттыгын сактоого ар бир адамдын, коомдун жоопкерчилигин эскертип өтүүгө чакырат.
Кыргыз мамлекети Баланын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялаган жана эл аралык стандарттарга ылайык балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөткөн өлкөлөрдүн арасында алдынкы өлкө болуп саналат.
Балдардын тагдырын, алардын укуктарын жана адамдык ар-намысын коргоо – биздин коомдун башкы маселеси. Биз ар бирибиз үчүн балдардын тагдырынан өткөн маанилүү маселе жок экендигин терең сезишибиз зарыл, анткени балдар - мекенибиздин келечеги, балдарга кандай мамиле жасасак, мекенибиздин келечегине да ошондой мамиле жасаган болобуз. Улуу Достоевский айткандай, “бул дүйнөнүн жыргалы баланын бир тамчы көз жашына татыбайт”. Балдарыбызга бактылуу балалыкты, жаркын келечекти жаратып берүү - биздин өлкөбүздүн башкы багыты. Балдарды билим, татыктуу тарбия, бекем ден соолук аркылуу гана бактылуу балалыктын эрезесине жеткиребиз.
Кыргыз мамлекетинде балдар сүйүү, кам көрүү жана түшүнүү атмосферасында өсүшү үчүн биз бардык мүмкүн болгон иштерди жасоого милдеттүүбүз жана аны милдеттүү түрдө аткарабыз. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жана катаал мамиле жасоого жол бербөө маселелери, балдардын билим алуусуна жана алардын саламаттыгын сактоо, балдар эмгегинин эң начар формаларын жоюу, жашы жетпегендердин арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу маселелери өзгөчө көзөмөлгө алынууда. Тилекке каршы, мындай көрүнүштөрдүн болуп жаткандыгы бизди терең өкүнтөт. Кыргыз өкмөтү мындан ары да балдарга татыктуу шартты түзүп берүүгө бүткүл аракетин жумшайт жана бул багыттагы жасалып жаткан иштерди мындан ары күчөтө бермекчи. Турмуштук оор абалда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү системин мындан ары өркүндөтүү, телегейи тегиз өсүп-өнүгүү жана тарбиялоо үчүн аларды мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоо иши алдыда турат.
Ушул күндө баланы асырап алган үй-бүлөлөргө, ата-энелерге жана тарбиячыларга ыраазычылыгымды билдиргим келет, анткени жат балдар жок, бирок балдарды турмуштун катаал сыноосуна салып койгон ата-энелер бар экендигин жашыра албайбыз. Кыргыз эли эч качан баланы журтка таштап кетпеген, балдарды асырап алууну өзгөчө бийик туткан эл. Ата-бабаларыбыздын бул салты бүгүнкү күндө да татыктуу уланууга муктаж. Бала тарбиясы – мээримден, мээримге бөлөнгөн бала гана өз элинин татыктуу уулу боло алат. Элибизде ушул ыйык салтты улаган адамдардын бардыгы бизди кубантат. Алар балдарга жанын үрөп, аларды жалгыздыкта калтырбай, ысык мээримге бөлөп келет. Биз мындай адамдарга таазим этебиз.
Балалык – турмуштун эң кайгы-капасыз, кубанычтуу убагы. Ошондуктан биздин балдар ден соолугу чың жана бактылуу болуп, сүймөнчүлүктө жана бакубат жашоодо тарбияланышы үчүн колдон келгендин баарын жасоо улуу муундун колунда экендигин унутпоо керек.
Кыргыз өлкөсүнүн бардык балдарына бакыт-таалай, чың ден соолук, ийгилик жана алардын телегейи тегиз өсүп-өнүгүүлөрүн чын жүрөктөн каалайм!
Балдар - биздин бактыбыз, эртеңки күнү карылыктын бактылуу күндөрүн өткөрөлү десек, бүгүн биз ал бакытты балдарга беришибиз керек. Бакыт оошот, ырыс жугушат.
Майрамыңар менен, кымбаттуу балдар!"