“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 1-июнда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.
Мыйзам менен актуардык ишкердикке жана камсыздандыруу брокерлери үчүн лицензиялоону киргизүү каралган. Бул максатта 1998-жылдын 23-июлундагы №96-“Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” мыйзамга жана 2013-жылдын 19-октябрындагы №195-“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.