Кыргыз-Катар ортосундагы дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар өкмөтүнүн ортосундагы "Дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине Катар тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 1-июнда билдирди. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан