Өмүрбек Текебаев Беловодск психоневрологиялык диспансеринин тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Бүгүн, 1-июнда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Беловодсктогу Психоневрологиялык диспансердин тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Балдарды майрамы менен куттуктоого Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев да катышты.

Аталган диспансердин тарбиялануучулары күнүмдүк жашоодо эң керектүү болгон кир жуучу машинаны белекке алышты. Андан сырткары көңүл көтөрүүчү таттуу белектерге да ээ болушту.    

Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө балдарды майрамы менен куттуктап, мамлекет аларга кам көрөрүн айтты. "Ар бир бала татыктуу билим алып, дени сак, келечекте жакшы адам болуп, мекенине күйүмдүү жана патриот болушуна болгон аракетин көрүүдө. Биз балдарыбызга эң жаркын жана жакшы нерселерибизди арнашыбыз керек. Мунун баары келечекте өзүбүзгө кайтат”,- деди лидер.  

“Ар бириңер өзгөчөсүңөр. Биз силер үчүн бардык шарттарды түзүүгө болгон күч-аракетибизди жумшоого аракеттенебиз. Бул силерге жашоодо өз ордуңарды табууга өбөлгө болот. Силердин жолуңар ачык болсун”, - деди депутат Наталья Никитенко.

Наталья Никитенко аталган диспансердин тарбиячыларына ыраазычылыгын билдирди. “Силер ар бир балабызды тарбиялоодо өзүңөрдүн бир бөлүгүңөрдү кошуп, өз балаңардай караарыңарды билем. Балдардын жашоосундагы силердин кошкон салымыңар баасыз”- деп белгиледи депутат айым.

Иш-чара диспансердин тарбиялануучулары даярдаган концерт менен уланып, көтөрүңкү маанайда аяктады. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан