Бишкекте Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө арналган жарманке өтөт

11-15-июнь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө жана Жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын 10 жылдык мааракесине арналган көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, жарманке аталган ассоциация жана Энергетика жана өнөр жай министрлигинин демилгеси менен уюштурулууда. Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн атайын семинарлар, тегерек столдор жана кийим, бут кийимдердин жаңы коллекцияларынын көргөзмөсү болот. Ошондой эле "Fashion industry" аталыштагы дизайнерлердин сынагы өткөрүлөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан