Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 1-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын долбоору жеке ишкердиктин субъектилерин (юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди) жоюу жана каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик органдар тарабынан документтерди кароо мөөнөтүн азайтуу, ишкердикти административдик жөнгө салуу деңгээлин төмөндөтүү максатында кабыл алынган.

2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 9-бөлүгүнүн 6-абзацын, 3-берененин 2-абзацын кошпогондо, ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан