1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Өзгөн районундагы Мырзаке айылындагы "Боорукердик" балдар үйүндө тарбияланган 20 бала Сары-Челек көлүндө эки күн эс алып келди. Идеянын автору жана демөөрчүсү ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин 5-курсунун студенти Нурпери Кулчунова болду. Ага 1-июнда окуу жайдын ректору Каныбек Исаков административдик кеңешмеде “Ыраазычылык катын” тапшырып, жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.
Эс алуу учурунда балдарды ОшМУнун таланттуу студенттери коштоп, ыр-бийлерин тартуулашып, тамак-ашын даярдашып, спорттук оюндарды ойноп, бир туугандык мээримин көрсөтүштү.