Президент Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатка 700 000 сомдук материалдык жардам көрсөттү

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 1-июнда президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан жетим жана ата-энесинин кароосу жок калган балдар үчүн Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатка жалпы суммасы 700 000 (жети жүз миң) сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Алмазбек Атамбаевдин атынан мамлекет башчынын аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Улукбек Марипов окуучуларды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, мектеп-интернаттын директору Рустам Атаевге керектүү кийим-кечектерди, бут кийим, мектеп-интернаттын китепканасынын фондун толуктоо үчүн көркөм адабият сатып алууга акча сертификатын тапшырды.

Улукбек Марипов окуучуларга ден соолук, окуудагы ийгилик, ал эми мугалимдерге бакубатчылык жана окуучулардын алкышын каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан