Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө жайкы сууга түшүү сезонунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чаранын алкагында бардык каалоочулардын арасында 50, 100 жана 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча жарыштар уюштурулду. Иш-чара Ош мэриясынын Спорт жана дене тарбия комитети тарабынан өткөрүлүп, ага шаардык жана облустук балдар үйлөрүнүн 800дөн ашык тарбиялануучулары катышты. Майрам ээлерине таттуулар, шире жана балмуздактар таратылды. Мындан тышкары Ош шаарынын З.Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрынын чыгармачыл тобу балдарга жагымдуу маанай тартуулады.