Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысына эскертүү берилди
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Шеркул Султановго эскертүү берилди. Султанов белгиленген талаптарды аткарбаганы үчүн премьер-министр Темир Сариев 1-июнда ага административдик жаза колдонуу тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.