Бишкекте Айдоочулар ассоциациясынын өкүлдөрү оор жүк ташуучу унаалар жолдорду талкалап жатышканын дагы бир ирет айтып чыгышты

Жүк ташуучу айдоочулар ассоциациясы Хово аттуу оор жүк ташуучу унааларды жолдорго чыгарбай, карьерлерге гана токтотуу керек экенин бүгүн, 2-июнда маалымат жыйынында билдиришти. Жүк ташуучу айдоочулар ассоциациясынын төрагасы Жолдошбек Абдыкасымовдун айтымында, Хово унаасынын өзүнүн накта салмагы 17 тонна, ал эми бизде 24 тоннадан өйдө жүк ташууга уруксат жок.

Хово унаасын биздин эле жарандар айдап жүрүшөт. Алар күндүз айдашпайт, түн ичинде гана. Күндүз болсо тоого коюп коюшат. Биз жолдун талкаланып жатышына каршыбыз, анткени бул оор жүк ташуучу унаа жүк салгандан кийин 48-50 тонна болот экен. Маалыматтарга караганда, учурда өлкөдө 700-1500дөй Хово унаасы бар. Биз Транспорт министрлигинен суранат элек, ушул унаалар жалаң гана карьерлерде жүрүшсө. Мисалы, бул үлгүдөгү унаа Казакстан жана Түркмөнстанда жүрбөйт жана киргизилбейт”,- дейт айдоочу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
uragan007
2015-06-02 13:26:14
кошулам. башка шагыл жол салып бериш керек бул чон машиналарга
+1
Sake80
2015-06-02 13:58:22
канат эле кадап бербейсинерби.Жолдо журбой эле учуп журсо
+2
InsanKg
2015-06-02 14:14:52
Жол кургандарга талапты коюш керек, эптеп эле жасап койбой. Хово эмес башка машинелер деле журсо, аран чыдай турган, ал жак-бул жагынан экономдоп салып коюп жатышпайбы биздин жолдорду. Жолдун сапаты мыкты болсо не журсо деле онойлук менен талкаланмак эмес
+1
shirinim0817
2015-06-03 07:01:25
Туура сапатсыз жол салып жатышат да мисалы орустарда ушу эле ховолор 60 тонна жукту суйроп эле журушот го
0
Lisun
2015-06-04 12:30:21
Мамлекттин кедейлигин жолдун асфальттын калындыгынан билсе болот .Биринчи очередь жолдорду ондогулачы и тазалыкты на дорогах кадагылагылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан