Ысык-Көлдө адам укуктарын коргоо жана гендердик теңдик боюнча тренинг өтүүдө

1-4-июнь аралыгында Ысык-Көлдө “Адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана гендердик теңдик” деген аталышта КРнын судьялары үчүн тренинг өтүүдө. Жогорку Соттун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, тренингге Кыргыз Республикасынын судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратынын кызматкерлери, отставкадагы судьялар катышууда.

Курсту Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Судьялардын окуу борбору, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык бөлүмү, Бишкектеги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун борбору (ЕККУ), Борбордук Азиядагы Америка университетинин Тянь-Шань саясат борбору (АУБ/ТАБ), “БУУ-Аялдар медиациянын гендердик өңүттөрү боюнча” түзүмү менен биргеликте өткөрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан