Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Маалыматка таянсак, мыйзам долбоорунун концепциясы алкоголдук продукцияга жана тамекиге кызыгууну түзүүгө жана колдоого, алардын сатылышына көмөктөшүүгө арналган алкоголдук ичимдиктер жөнүндө ар кандай жарнактык маалыматты жайылтууга тыюу салууну киргизүүгө багытталган. Максат - ушундай жол менен өлкөдөгү алкоголдук продукцияны керектөөнүн масштабын төмөндөтүү. Демилгечилер бюджеттин толушундагы алкоголду жарнактоодон түшкөн каражаттан алкоголь жана тамекинин өзгөчө жаштарга болгон терс таасири ашып түшөрүн айтышууда.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.