Хово жүк ташуучу унаасын айдаган тарап "бул унаа жолду бузган жок” деп билдирди

"Хово жүк ташуучу унаалары жолду бузушкан жок". Муну бүгүн, 2-июнда маалымат жыйын учурунда Кыргыз “Хово” транспорттук ассоциациясынын төрагасы Авазбек Дооронбаев билдирди. 

Анын айтымында, аталган унаа 1 сантиметр чарчы жолго 7-8 килограмм оордук түшүрөт, бул нормага ылайык. 

Учурда Хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын кыргыз жергесиндеги жалпы саны 2,5 миңди түзөт. Биз
жайы-кышы дебей катаал шарттарга чыдап, Кара-Кечеден Жылуулук электр борборуна көмүр ташыйбыз, эгер биздин жумуш үзгүлтүккө учураса, Бишкек тургундарына жылуулук учурунда келбей маселе жаралышы мүмкүн.

Анан биздин унаалар 17 тонна эмес, болгону 15,5 тонна салмакты ээлейт. Жүк менен кошо 50 тонна эмес, 25 тонна гана болот. Эгер бизди жоюп салышса, анда биз унааларыбызды сатып, башка жумуш издөөгө мажбур болобуз”,- дейт Дооронбаев. 

Эске салсак, бүгүн "Хово жүк ташуучу унаалары жолду талкалоодо" деп КРнын Жүк ташуучу айдоочулар ассоциациясы маалымат жыйын өткөрүшкөн.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jetinur90
2015-06-02 16:04:48
Мажбур болсон мажбур бол,бир сенин хоанды деп жалпы жол бузула бергени жарабайт да.
+5
ilim07
2015-06-02 18:12:18
Алдагыла дагы жугу менен 40 50 тоннага чейин барат кууун ыссыккы болуп атканда жолду бузат кышындасы бузбашы мумкун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан