"Азыркы тапта миграция темасы чөлкөмдүн бардык эле өлкөлөрүндө, мигранттар кеткен өлкөлөрдө да, алар барган өлкөлөрдө да актуалдуу. Кыргыз Республикасы калктын коопсуздугун, социалдык жана экономикалык жыргалчылыгын жана коомдун ынтымагын камсыз кылуу, ошондой эле адамдык ар-намысты сыйлоо жана негизги адам укуктарын сактоо аракеттерине биринчи иретте маани берет",- деп белгиледи Сасыкбаева.
Депутаттын айтымында, Борбор Азия дайыма маданий жана экономикалык түйүн болуп келген. "Азыр чөлкөмдө байкалып жаткан адамдардын жер которушу масштабы жагынан да, өз ара чырмалышкан жагдайлардын, анын ичинде экономикалык, демографиялык, географиялык жагдайлардын татаалдыгы жагынан да мындан ары күчөп гана жүрүп отурат",- деди ал.