Парламентте "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланды

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланды.
Депутат Нурлан Төрөбековдун айтымында, айыл аймагында аткаруу бийлигин айыл өкмөтү жүзөгө ашыруусун карайт, ошол эле учурда, Конституцияга ылайык, айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы болуп саналат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системин түзөт. "Конституцияда "мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт" деп аныкталган. Мындан улам "айыл аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп айыл өкмөтү саналат" деген редакцияда баяндоо сунуш кылынат",- деди Төрөбеков.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан