Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 2-июндагы жыйынында президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу каралды.
Демилгечи депутат Замир Бекбоевдин айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке өткөн саясий партиянын ички тизмесинен алынган мандаттарды бөлүштүрүү тартибиндеги жаңы эрежелерди белгилөө максатында демилгеленүүдө.
"Буга чейинки тартип мандаттарды бөлүштүрүүгө адилеттүү жана объективдүү мамиле жасоонун принцибин толук көлөмдө камсыз кылбай келген. Айрым учурларда партиялардын тизмелеринде биринчи катарда турушкан, бирок шайлоо алдындагы иштерде жетиштүү өлчөмдө өзүн көрсөтө албаган талапкерлер шайлоолордун жалпы жыйынтыктары боюнча депутаттык мандаттарды алууга жетишкен.
Ошондуктан бул көйгөйдү чечүү максатында саясий партиялардан талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү партиянын съездинин чечиминин негизинде бир жолу шайлоолордун жыйынтыктары боюнча жүргүзүүнү сунуштап жатабыз",- деди Бекбоев.
Талкуунун жыйынтыгында комитет депутаттары бул мыйзам долбоорун жактырышкан жок.