Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев саясий партиялардын аты өлкөнүн аталышынан коюлушуна нааразычылыгын билдирди.
"Кыргыз эли өз өлкөсүнө каршы
чыкпайт. Мындан аты мамлекеттин атынан коюлган партия шайлоодо пайдаланганы жаткандай көрүнөт. Саясий партияны
мамлекеттин аты менен белгилөөгө болобу? Бул маселенин этикалык жагын карашыбыз керек",- деди депутат.