Жалал-Абад шаары боюнча 667 окуучу 11-классты бүтүрүү алдында турат. Алардын ичинен 56 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатка сынак тапшырып, бирөөсү гана талапка жооп берген баа алды. 7 бүтүрүүчү сынактын жыйынтыгын кайра карап чыгуу суранычы менен кайрылды. Бүтүрүүчүлөр беш сабак боюнча сынак тапшырышат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаевге шилтеме берүү менен мэриядан кабарлашты.