Кудайберген Базарбаев: "Эмгек миграциясы балдарга өтө катуу таасирин тийгизүүдө"

"Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2015-жылы январь-март айларында жалпы миграциянын көрсөткүчү 10 миң кишиге жетип, алардын ичинен 1767 киши өлкөдөн чыгып кеткен",- деп билдирди социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 2-июнда "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу конференцияда.

Министр кыргыз мамлекетинин калкы аймак которуп бир топ жылышып жатканын айтты. "Республиканын алыскы райондорунан калктын көчүп кетиши райондук жана республикалык маанидеги шаарларда социалдык чыңалуу жаратып, стратегиялык жактан маанилүү чек ара райондорунун бош калышына алып келет",- деп белгиледи министр.

Базарбаев мамлекет ички мигранттардын арасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, убактылуу катталып турган жерине карата жөлөк пул төлөп берерин айтты. Тышкы эмгек миграциясынын айынан ата-энесинин кароосунан куру калган балдардын маселесине токтолгон өкмөт мүчөсү: "Көп балдар туугандарыныкында жашап жатышат. Эмгек миграциясы аларга өтө катуу таасир тийгизүүдө",- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан