Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти Жол-кайгуул кызматы менен биргеликте дипломатиялык автоунаалардын айдоочуларынын жол эрежелерин бузуусун, уурдалган, жасалма дипломатиялык номурларды таап кармоо максатында 29-майда "Дипномер" аталышында рейд уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Текшерүү учурунда 20 эреже бузуу фактысы катталды. Алар:
Автоунааны тийиштүү документтери жок айдоо боюнча 7 факт;
Коопсуздук курун тагынуу талабын бузуу боюнча 7 факт;
Автоунааны токтотуу буйругуна баш ийбөө боюнча 3 факт;
Жасалма номур менен автоунаа айдоо боюнча 1 факт;
Атайын уруксатсыз автоунаанын айнектерин караңгылатуу боюнча 1 факт;
Атайын уруксатсыз автоунаага кошумча жабдыктарды орнотуу боюнча 1 факт.
"Тышкы иштер министрлиги жакын арада автоунааларынын айдоочулары эреже бузган элчилик, консулдуктарга жана эл аралык уюмдарга тийиштүү нота жиберет",- деп билдирет ТИМ.