Ошто Венгриянын консулдугу ачылды

Бүгүн, 2-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы жана Ош шаарындагы Венгриянын консулдугу ачылды. Аземге шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Арфидин Аланов, Венгриянын кыргыз жергесиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Имре Ласлоцки жана тиешелүү жетекчилер катышты.

Биринчи вице-мэр "Ош шаарында Венгриянын консулдугунун ачылышы эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдейт" деп билдирди. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан бери Венгрия өлкөсү менен ар тараптуу кызматташып келет. Венгрияны биз маданияты, экономикасы өнүккөн мамлекет катары билебиз. Мындан ары да эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө шаардык мэрия тараптан бардык керектүү жардамдар берилет”,- деди вице-мэр.

Ошондой эле Аскаров шаардык мэриянын атынан консулдуктун кеңсесинин ачылышы менен куттуктап, баалуу белегин тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан