Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата КРнын Каржы министрлиги республикабыздын ар кыл аймактарындагы мектеп-интернаттарында тарбияланып жатышкан балдардын муктаждыктарын канааттандырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Өзгөн районундагы Мырзаке мектеп-интернатындагы жетим балдарга жана ата-эненин камкордугунан четте калышкан балдарга 55 комплект төшөнчү жеткирип берип, балдардын жана тарбиячы-мугалимдеринин көңүлүн көтөрдү. Муну менен катар Төмөнкү Чүй республикалык адистештирилген интернатында тарбияланып жатышкан “психикалык өнүгүүсү жай” деген диагнозу бар 160 балага кондитердик азыктарды таратып, балдардын жүздөрүнө кубаныч тартуулады.