Ош. Эстакадалык көпүрөнүн байланыштырып турчу жолдорунун курулуш пландары иштелип чыгууда

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн байланыштырып турчу жолдорунун курулуш пландары иштелип чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышуусунда белгилүү болду. 

Маалым болгондой, учурда объектинин 2-баскычынын курулуш иштери аяктоодо. Ош шаарынын жол башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, бүгүнкү күндө тургузулган түркүктөргө темир-бетон устундарын коюу жумуштары жүргүзүлүп жатат.

“А.Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери 3 баскычка бөлүнгөн. 2-баскычынын жумуштары толугу менен 1-июлга барып аякташы кажет. Андан кийин ал мамлекеттик экспертизанын текшерүүсүнөн өтүп, 3-баскычты ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланат.

Учурда курулуш иштерине 75 жумушчу тартылган, алардын ону жогорку квалификациялуу адистер. Мындан тышкары ондон ашык ар кандай техника иштөөдө”,- дейт Жунусов.  

Айта кетсек, курулуш иштери толугу менен 2015-жылдын 3-кварталына барып аякташы пландалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
akimov_97.osh
2015-06-02 19:42:21
Ош шаарым оркундоп осоо бер!!!
+2
Azamat.abdrahmanov
2015-06-02 20:52:04
10жылдык планынарды ишке ашыра баштадынарбы
1 жылдан бери не кылдынар??????
-2
chon-alai90
2015-06-02 21:11:25
жон эле копуро дегиле мелистин проектиси эстакадалык копуро болчу. Аны кыскартып салдыго
+1
miru.
2015-06-02 23:05:49
эгер ушул копурону 2 жылдын ичинде бутурсо...азыркы бийликти 100% колдомокмун!!
-3
Zarema94
2015-06-02 23:15:42
Мелис Мырзакматовго рахмат! Ал баштабаганда "таш бака" да жок эле
+6
soccer_boy95
2015-06-03 21:25:07
Ушул эстакад копуро деп эсептелинет экенби? Мырзакматовдун планы мындан бийик,анан узун болчу? Бул асма копуродой эле корунот го.
-2
Zein
2015-06-04 17:09:47
soccer_boy95, оз козун менен кордун беле???
0
bakyt_2015
2015-06-03 23:35:36
Тушунугу бары деле жогу деле урдуруп ататат,тема боюнча кичине тушунук болсо анан жазса оозго келгенди соктура бербей,аман эле болгулачы.
+2
Zein
2015-06-04 17:09:11
bakyt_2015, туура айтасын. Мага миллион минус койгула. Ойлоп койдум бут эле мелистин туугандары порталга киреби деп... Кайсы теманы окуба мелис мынткен тигинткен дей беришет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан