Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов киши сатууга каршы күрөштүн эл аралык тажрыйбасын иликтөө маселеси боюнча биргелешкен тегерек стол уюштуруу тууралуу демилге көтөрдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал эл аралык эксперттердин катышуусундагы иш-чаранын жыйынтыгында киши сатууга каршы күрөшүүдөгү биргелешкен аракеттердин протоколун иштеп чыгуу зарыл экенин айтты. “Диалогдун актуалдуулугу эчак эле бышып жетилген. Муну мамлекеттик органдар канчалык эрте аңдап-түшүнсө, бул маселени натыйжалуу чечүүгө киришүү ошончолук тез болот эле”,- дейт министрдин орун басары.
Ал кошумчалагандай, өкмөт киши сатуунун алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эл аралык уюмдардын күч-аракеттерин колдойт. “Мыйзамсыз миграциянын мүшкүлүн баштан өткөрүп, анын кесепеттеринен жабыр тартпаган дээрлик бир да өлкө жок. Бүгүнкү күндө миграция маселелери биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзүндө актуалдуу. Муну бүгүнкү эл аралык конференциянын катышуучуларынын курамы көрсөтүп турат”,- дейт ал.
Белгилей кетсек, Бишкекте “Борбор Азиядагы миграция маселелери” аттуу эл аралык конференция өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ЕКПА) уюштурду. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калк жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Тьери Мариани, КР ЖогоркуКеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн, ЕКПА, КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.