Алай районунун Ленин айыл аймагындагы Согонду айылында 2-июнда саат 08:00 чамасында айылдын түндүк чыгыш тарабындагы тоо кыркаларында жарака пайда болуп, 13 турак жайга коркунуч алып келери аныкталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жыйынтыгында ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, майор Дайырбек Каримов, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси Искендер Матазимов жана Алай райондук жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү кооптуу аймакка барышып, жер көчкүнүн абалын жеринде көрүшүп, жер көчкү жылса 13 турак жайга коркунуч келерин жана учурда жер көчкүнүн жылуу процесси байкалбагандыгын аныкташкан.
Адистердин жер көчкүнү толук изилдеп, корутундусу чыкканга чейин 3 үй-бүлөгө убактылуу үйлөрүндө жашабай турууга эскертүү берилди. 3-июнда ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жана атайын адистер кайрадан жеринде изилдеп, тактоо иштерин жүргүзүшөт.