Дамира Ниязалиева быйыл сентябрда Баткендеги дагы 9 мектеп ысык тамак менен камсыздаларын айтты

Быйыл сентябрда Баткен облусунда дагы 9 мектеп ысык тамак менен камсыздалат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2-июнда Баткен облусунун Бужум айылындагы Ш.Токсонов атындагы мектепте билдирди. 
"БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын көмөгү менен 2016-жылы өлкөдөгү 250 мектеп өз окуучуларын ысык тамак менен камсыздап калышат. Бул программанын алкагында 2013-2015-жылдары 33 мектеп ысык тамак менен камсыздалды. Республикада 2207 мектеп бар, 5-10 жылдан кийин бардык мектептер өзүнүн окуучуларын 2 маал ысык тамак менен камсыздап калышын пландап жатабыз. Мындай нерсе балдардын организминин нормалдуу өнүгүүсү үчүн маанилүү",- деди Ниязалиева.
Ата-энелер менен баарлашууда вице-премьер быйыл 1-сентябрдан тарта балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа иштеп баштаарын маалымадады. "Бул балдарды мектептеги окууга, эсеп чыгарууга, жазууга, режимге жана дисциплинага көнүүгө үйрөтүүгө жардам берет",- деди өкмөт мүчөсү.  



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан