Протоколдук тапшырмада Баткен облусунун айрым айыл аймактарын таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуучу суу сордуруучу станциялар Өзбекстандын райондорунда жайгашкандыктан, депутаттардын демилгеси менен тармактык комитеттин көчмө жыйынын өткөрүү зарылдыгы белгиленген.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментинин директорунун орун басары Эсен Жусуматов “Шереч” суу сордуруучу станциясы, Ак-Турпактагы суу бөлүштүргүчтү кыргыз мамлекетинин аймагына жылдыруу, Ганжак дренаждык көлмөсүндөгү сууну Кара-Бак, Кызыл-Бел айылдарына жеткирүү маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Депутаттар аталган иш-чараларга зарыл болгон каражаттар кайсы булактардан бөлүнөрүн такташты. Депутат Сайдулла Нышанов таза суу долбооруна баткендиктерди коңшу мамлекеттерден көз каранды болбогондой кылып, кайсы айылдарды биринчи кезекте таза суу менен камсыздоо зарылдыгын аныктап бербеген жергиликтүү бийлик органдарын сынга алды.
Таза суу тартыштыгы күч болгон айылдарга скважина чыгарууга болжол менен 3 миллион сомдун тегерегинде каражат керектелерин айткан Нышанов: “Баткен тургундары таза суу боюнча коңшу мамлекеттерден көз каранды болбош үчүн скважиналарды тездетип куруу зарыл”,- деп билдирди.
Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен өкмөткө Баткен облусунун ичүүчү суу жана сугат суулары менен камсыздоо үчүн бир катар тапшырмалар белгиленген чечим кабыл алынды.