Парламенттик шайлоо кайсы күнү өтөрү азырынча анык эмес. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда
SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү
Азиз Жабдиев билдирди. Анын айтымында, шайлоо кайсы айга жана кайсы күнгө белгиленери президент
Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы чыкканда гана белгилүү болот.
"Учурда айрым маалымат каражаттары "парламенттик шайлоо октябрь же ноябрь айында өтөт" деп жазышууда. Бирок кайсы күнү өтөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы да билбейт. Ал эми БШК конституциялык мыйзамга таянып, "парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү туура болот" деп президентке сунуш берген. Эми президенттин жарлыгы чыгарылган соң анык болот",- деди Жабдиев.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына шайлоо 2010-жылдын 10-октябрында өткөрүлгөн. Конституциялык мыйзам боюнча, мурунку парламенттик шайлоо кайсы айда өткөрүлгөн болсо, кийинки шайлоо ошол айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлүүгө тийиш экени айтылган.