Тайырбек Сарпашев: "Жаран аты-жөнүн өзгөртүүгө укуктуу, бирок паспорттогу жеке идентификациялык номерин өзгөртүү - бул мыйзам бузуу"

Кыргыз Республикасында ар бир жаран паспортундагы аты-жөнүн же туулган датасын өзгөртүүгө укуктуу, бирок паспорттогу жеке идентификациялык номерин (ПИН-код) өзгөртүү мыйзам бузуу деп саналат. Бул тууралуу бүгүн 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга ылайык, жеке идентификациялык номерин өзгөрткөн жаран жоопкерчиликке тартылат. "Адам төрөлгөндө ага жеке ПИН-код берилет. Ал бул номер менен өмүр бою жашашы керек. Былтыр 6 миңге жакын адам жеке идентификациялык номерин өзгөрткөнү аныкталды",- деди Сарпашев.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова бул маселени чечиш үчүн ЗАГСта (жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмү) бирдиктүү база түзүү керектигин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан