Кыргыз мамлекетинин Япониядагы ардактуу консулу Тору Датэ каза болду

Узакка созулган оорудан кийин 31-майда кыргыз мамлекетинин Япониянын Кинки аймагындагы ардактуу консулу Тору Датэ көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Анын кыргыз-япон кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы белгиленет маалыматта. "Тышкы иштер министрлиги Тору Датэ мырзанын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөт",- деп билдирет ТИМ.
Эскерте кетсек, Тору Датэ КРнын Япониядагы ардактуу консулу болуп 2013-жылдын 21-январында дайындалган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2015-06-03 11:57:46
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
beka1207
2015-06-03 12:48:09
Жайы жаннатан болсун!суроо-бул кыргыз республикасынын жараныбы же Япониябы?аты жону башкача экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан