Президент Алмазбек Атамбаев 3-июнда Янцзы дарыясындагы трагедиялуу окуяда “Чыгыш жылдызы” кемесинин бортундагы Кытайдын жарандары каза болгондугуна байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты. Мамлекет башчы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалаарын билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.
1-июнь күнү кечинде чөгүп кеткен кемеде жалпы 457 жүргүнчү болгон. Учурда алардын 400гө жакынынын дайыны чыкпай жатат.