Нарын шаарында этностор аралык мамилени бекемдөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Юстиция министрлигинин билдиришинче, жолугушууга аталган аймакта жашаган дунган диаспорасынын өкүлдөрү катышты. "Иш-чарада катышуучулар сабырдуулук, жаштарды бири-бирин сыйлоону үйрөнүүгө тарбиялоо маселелерин талкуулашып, Июнь окуясында каза болгондорду эскеришти. Мындай кайгылуу окуяларга мындан ары жол бербөө зарылдыгы белгиленди",- деп билдирет министрлик.