Былтыр балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 104 кылмыш жасалган. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда балдарга арналган улуттук форумдун жүрүшүндө вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди. Анын айтымында, 2013-жылы мындай фактылар 114кө жеткен.
“Бирок бул статистикалык гана маалыматтар. Мурда, мисалы, ооруканага түшкөн баланы дарыгерлер карап жардам берип, каттоо журналына гана жазып коюшчу. Учурда зомбулук көрсөтүлгөн наристе дарыгердин колуна түшкөндө автоматтык түрдө укук коргоо органдарына да кабарланат”,- дейт Ниязалиева.