Нарын облусунун Кочкор районундагы 1953-жылы курулган Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты оор абалда. Бул тууралуу маселени 4-июнда Жогорку Кеңеште депутат Майрамкүл Тиленчиева көтөрдү.
Анын айтымында, 35 миң каттоо документи сакталган имараттын чатырынан суу кирет. Саман кыш менен курулган дубалынын ар кайсы жеринен жарака кетип, кооптуу жагдай түзүлгөн. Элге кызмат көрсөтүүгө эч кандай шарт жок.
Депутат андан кийин райондогу дыйкандардын көйгөйүнө токтолду.
“Ал эми ушул эле райондун Чолпон айылында 300 гектар жер сугарылбай келүүдө, анткени каналдар тазаланбай жатат. Дыйкандар техника жагынан жардам берсеңер, кол кабыш кылып, каналдарды тазалап алалы деп жатышат”,- дейт Тиленчиева.