Депутат
Исмаил Исаков 4-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында
"экс-прокурор Аида Салянова өзүнчө эле баатыр болуп алыптыр" деп билдирди. Исаков экс-прокурор кыргыз тилдүү гезиттердин бирине маек берип, бийликтин дарегине сын айтканына ачууланды.
"Ал өзүнүн үй-бүлөсүнө бийлик тараптан асылуу болуп жатканын айтып, "бул аракет кылмышкерлер менен уурулардан ашып кетти" деп билдириптир. Бийлик ким? Бийлик - бул парламент. Демек, бизди уурулар менен кылмышкерлерге теңеп жатат. Айткан сөздөрүн Жогорку Кеңешке келип айтсын, далилдесин. Мен ушуну талап кылам",- деди Исаков.