"Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон айылындагы мечиттин ачылышына катышты. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат мечиттин курулушуна салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирүү менен бул ыйык максаттын адамзаттын рухий турмушуна тийгизген таасирине учкай токтолду.
"Кыргыз өлкөсү тынчтык жана ынтымак багытындагы түрдүү маданияттын, диний ишенимдин үлгүсү болгону мени кубандырат. Динге болгон ишеним Конституцияда бекемделген жана анын ынтымак-ырашкердик маселелеринде мамлекетке шериктеш болушу өтө маанилүү",- деди Өмүрбек Текебаев.
Салтанаттуу иш-чарадан кийин катышуучулар мечиттин ичине кирип, анын ички жасалгасы менен таанышышты. Андан кийин жаңы мечитте жамаат намазы окулду.