Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 5-июндагы жыйынында балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө маселени талкуулап, көпчүлүктүн добушу менен тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Аталган чечимдерге төмөнкүлөр кирет:
1. Социалдык өнүгүү министрлигине кыска мөөнөттөрдө турмуштук оор кырдаалда калган балдар бар үй-бүлөлөрдү аныктоо тартибин, ошондой эле андай үй-бүлөлөр менен алдын ала иштин тартибин белгилөөчү токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөттүн кароосуна чыгаруу сунушталсын.
2. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине балдарды багуу жана тарбиялоо милдеттерин аткарбаганы үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Турак жай кодексине жетим балдар бойго жеткенде социалдык турак жай алуу укугун бекитүүчү жобо киргизилсин.
4. Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу тездетилсин.