Ажылыкка барчуларды тандоо электрондук чүчү кулак аркылуу өткөрүлөт

Ажылыкка баруучуларды тандоо электрондук чүчү кулак аркылуу өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти. 
Маалым болгондой, 2015-жылкы ажылык сапарга катталуу 1-июнь күнү токтотулду. Ош облусунун аймагынан 914 жаран каттоодон өттү. Ажылыкты уюштуруу боюнча Ош облустук казыятындагы жооптуу өкүл Ыйманали Матраимовдун билдирүүсүндө, өткөрүлө турган чүчү кулактын графигине ылайык, 9-июнда Өзгөн, Кара-Кулжа, 10-июнда Кара-Суу, 11-июнда Алай, Чоң-Алай, 14-июнда Ноокат, 15-июнда Араван райондорунда өткөрүлөт. 
Эскерте кетсек, 2015-жылы республика боюнча ажылыкка 3295 жаран каттоодон өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
turna23
2015-06-05 18:09:01
Чучу кулак деген эмне?
0
islamidin
2015-06-05 18:14:10
чучу кулак дегени баштыктан кагаз аласын бар .же жок деген жазуу болот ошол чучу кулак (жеребёвка) орусчасы
0
sterva
2015-06-05 19:35:50
Быйыл Кыргызстандыктарга жол жабылган ал жакка барганга,деп бир сайттан окудум эле
0
Bek.kg1989
2015-06-06 08:58:25
sterva, мендагы уктум эле
0
mikinookat
2015-06-06 12:39:12
Мен эч тушунбодум да айрымдар айтышат,,,Кыргызстанга 3600 квота берилген деп анан эле 3295 адам регистрациядан отту деп квотага деле жетпей жатышат дагы кандай чучу кулак болот,,,,?
+2
semakg
2015-06-06 13:55:58
mikinookat, Менда ошентип ойлоп жатам. Калганын дагы былтыркыга окшотуп коншуларга сатышса керекда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан