Биринчи Май райондук администрациясы Нарындагы аскердик бөлүккө акчалай жардам көрсөттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май райондук администрациясы КРнын Коргоо күчтөрүнүн 23 жылдыгына карата Нарын шаарынын №2025-аскердик бөлүгүнө 50 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Мэриядан кабарлашкандай, аталган аскердик бөлүк Биринчи Май райондук администрациясына бекитилген.

Жардам өкмөттүн 2006-жылдын 20-январында кабыл алынган №34-“Кыргыз Республикасынын министрлер, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен мекеме-уюмдардын байланышын бекемдөө жана мамлекеттик чек араны коргоо” токтомуна ылайык көрсөтүлдү.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан