Шашылыш билдирүү! 9-11-июнь аралыгында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 
Маалыматка ылайык, 9-июнда күндүз жана 10-июнда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 9-июндан 12-июнга чейин абанын жогорку температурасына жана күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
paula.90
2015-06-07 18:22:17
Кудай сактап эч ким эч кандай зыян тартпасын!
+10
Aksy-13
2015-06-07 19:32:08
Кудай ОЗУ сактасын тынчылык эле болсунчу! Астагфируаллах
+5
Bek.kg1989
2015-06-07 20:47:42
кудай сактасын
+4
ayildik_kiz
2015-06-07 21:05:49
Кудай сактасын!Тынчылык эле болсун.
+4
Qnet
2015-06-07 21:08:56
Эшикке чыкпай эле койгула!
-1
Jaz3
2015-06-08 05:17:50
Qnet,кой антпе кирип чыгып турушун кокус сел болуп кетсе
0
Nariste...12
2015-06-07 21:32:07
Тынчылык эле болсун!
+2
BRILIANTTKA
2015-06-07 23:25:27
Алла Таалам өзүң колдой көр. Жеңилиреек өтсүн.
+1
Mariyana
2015-06-08 00:03:10
Аллахым озун сактай кор
+1
Gulya.akbaralieva
2015-06-08 00:15:22
Алыста жургон адамды кабаатырланат. Туугандарыма тынчсызданып жатам. Неси болсо да баары кудайдын колунда. Аллах сактай корсун бодо кырсыктан
+2
Medina87
2015-06-08 00:41:02
Чын-чынына келгенде баары да Кудайдын колунда.
0
AbdiMitalMagamedAliBektur
2015-06-08 00:56:51
Мезгил мезгили менен жамгыр жаашы кутулот
Тоо этектеринде сел журушу мумкун деп туратко
коркпогула жаайт же жаабайт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан