Жалал-Абадда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын райондук конференциясы болуп өттү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын райондук конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары А.Сасыкбаева, С.Нышанов, А.Досалиев катышты. Анын жүрүшүндө облустук конференцияга катышуучу делегаттардын тизмеси бекитилди. Ошондой эле "Бозумчак" алтын кенин иштетүү жана казып алуу туура эмес жүрүп жаткандыгына, анын экологияга жана унаа жолдордун абалына тийгизген терс таасирине байланышкан дооматтар козголду.

Конференциянын алкагында Чаткал районунун тургундары менен жолугушуу өттү. Жергиликтүү тургундар социалдык-гуманитардык мүнөздөгү бир нече суроолору менен кайрылып, өтүнүчтөрүн эл өкүлдөрүнө айтышты. 

"Убакыт таап, биздин айылга келгениңиздерге рахмат. Бул жакка бийлик өкүлдөрү өтө сейрек келишет. Сиздер бизге көйгөйлөрүбүздү айтып, талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүп бердиңиздер",- деди жергиликтүү тургун Каныбек Эргешов.

Чаткал районунан сырткары мындай жыйындар Алай жана Чоң-Алай райондорунда да болуп өттү. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан