Шайлоо алдында биометрикалык маалыматтарды чогултуу токтотулбайт, бирок шайлоо күнүнө 15 күн калганда тапшыргандар добуш бере алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 16 жашка толгон 2 миллион 454 миң адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды. "Бул сан Улуттук статистикалык комитетинин өлкөнүн жалпы жарандары боюнча көрсөткүчүнүн 67,4 пайызын түзөт",- деди Сарпашев.
Мындан тышкары ал аймактардагы калктын 90 пайызы биометрикалык маалыматтардын тапшырганын баса белгиледи. "Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бул көрсөткүч азыраак болууда. Бул маселени чечиш үчүн атайын программа түзүлдү",- деп маалымдады биринчи вице-премьер-министр.