2016-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы, белгилүү мамлекеттик ишмер Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу маселе бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында каралды. Жыйында депутаттар өкмөткө Толубаевдин 120 жылдыгын өткөрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүү тапшырмасын беришти. Маселенин демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.
Маалыматка ылайык, А.Толубаев 1896-жылы туулган. 1938-жылдын 19-июлунда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы болуп дайындалган. А.Толубаевдин жетекчилиги астында республикалык жана регионалдык маанидеги көптөгөн долбоорлор ишке ашып, мамлекеттин экономикасы, билим берүү, илим, маданият тармактары өсүп-өнүгө баштаган. Анын демилгеси менен жаңы мыйзам кабыл алынып, кыргыз алфавити латын тамгасынан кириллицага өткөн. Бул кыргыз мамлекетинин калыптанышындагы тарыхый маанилүү окуялардын бири болгон.