Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты
Курмантай Абдиевдин депутаттык мандатын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда БШКнын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жакынкы 30 күн ичинде бул мандат тизме боюнча кийинки орунда турган талапкерге тапшырылат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына К.Абдиевди
жактырган. Ал эми анын ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп тизмеде 54-орунда турган
Эмилбек Ысманов келүүсү керек. Бирок анын ордуна тизмеде 62-болуп турган
Алмасбек Абытовдун келери айтылууда.