Жогорку Кеңештин депутаттары 25-мартты "Парламентаризм күнү" деп белгилөөнү сунушташууда

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-мартты "Парламентаризм күнү" деп белгилөөнү сунушташууда. Тиешелүү токтом долбоорун бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева демилгелеп чыкты.
Анын айтымында, тарыхчылардын жана эксперттердин катышуусунда бул дата боюнча талкуулар жүргүзүлгөн. Мындан тышкары ал керектүү маалыматтар архивден алынганын билдирди.
Депутат Нурбек Касымбеков бул демилгени колдоорун айтып, ошол эле учурда дата боюнча тактоо керектигин баса белгиледи. Башка депутат Мыктыбек Абдылдаев өлкөдө парламентаризмге канча жыл болгонун белгилөө зарыл экенин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан