Жалал-Абад шаарына караштуу Достук аймактык башкармалыгында жайгашкан Чутская көчөсүнө жергиликтүү тургундун демилгеси менен асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жолдун узундугу 500 метр. Мындан тышкары демилгечинин каражатына С.Акбаров атындагы көчөнүн 1 чакырым жерине шагыл төгүлүп, асфальттоого даярдалып жатат.