Жалпы республикалык тестирлөөгө кечиккен абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жарыяланат

Жалпы республикалык тестирлөөгө кечиккен абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, каттоо 10-июндан тартып 18-июнга чейин Бишкек шаарында №24-мектеп-гимназиясында жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жүргүзүлөт.

Кечиккендер үчүн тестирлөө 20-21-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Тестирлөө жүргүзүлө турган даректер каттоодон өтүп жаткан учурда маалымдалат.

Белгилей кетсек, бул тестирлөө 2015-жылы ЖРТга кайсы бир себептерге байланыштуу катыша албай калган гана абитуриенттер үчүн жүргүзүлөт жана ага тестирлөөдөн четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер катыша алышпайт. 

Кошумчалай кетсек, жалпы республикалык тестирлөө быйыл 19-22-май күндөрү өткөрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан