Бүгүн, 9-июнда премьер-министр Темир Сариев Тажикстанга жасаган расмий сапарынын алкагында “Суу - жашоо үчүн” аталышындагы эл аралык долбоордун 10 жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги конференцияга катышты. Темир Сариев аталган конференцияда сөз сүйлөп, суу-энергетикалык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын билдирди.
Өз сөзүндө ал эң башкы табигый ресурс болгон суу Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейпилдикте өмүр сүрүүсүнүн эң негизги факторуна айланганын белгиледи. “Кыргыз Республикасы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өз аймагында ГЭС куруу боюнча бир нече долбоорду ишке ашырууда. Биз мурдатан айтып келгендей, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу Токтогул суу сактагычынын иштөө режимин энергетикалыктан ирригациялык мүнөзгө өзгөртөт. Камбар-Ата ГЭСинде суу сактагычтын курулушу суу ресурстарын тең салмактуу колдонууга жана төмөнкү агымдагы өлкөлөрдө сугат жерлерди суу менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатат. Бул өз кезегинде бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүшүнө салым кошот”,- деди Сариев. Ошондуктан бул долбоордун ишке ашышына төмөнкү агымда турган өлкөлөр кызыкдар болушу зарыл экенин премьер-министр кошумчалады.
Ошондой эле Темир Сариев эл аралык өнөктөштөр Кыргыз Республикасы жана региондун энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрө турган гидроэнергетикалык долбоорлорду колдойт деген ишенимин билдирди. “Дал ушундай жол менен эл аралык өнөктөштөрүбүз региондун энергетикалык коопсуздугу жана кызматташтыгына өз салымын кошот эле. Муну менен катар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мындан аркы кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууда суу жана энергетика маселелери бир бүтүн катары каралышы керек”,- деп билдирди өкмөт башчы.
Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө суу ресурстарынын чектелүү запасы эртеби-кечпи суунун экономикалык баалуулугун арттырып жатканын белгиледи. “Сууну топтоо, сактоо, башкаруу жана жеткирүү үчүн тиешелүү негизде акы төлөнүшү зарыл. Бул маселе өлкөлөрдүн ички суу саясатын жана суу ресурстарын бөлүшкөн бир нече өлкөнүн мамилелеринде курч турат. Тилекке каршы, колдонулуп келген аймактагы бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде суу ресурстарын топтогон өлкөлөрдүн кызыкчылыгына төп келбейт. Сууну бирдей эмес пайдалануу, энергетикалык жана ирригациялык эки ача кызыкчылыктар карама-каршылыктарды көбөйтөт. Суунун башында турган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан сууну чогултуп жана сактап бергени үчүн тиешелүү акысын ала албайт жатат”,- деп билдирди премьер-министр.