Сариев 1992-жылы кабыл алынган БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын чек аралык суулар боюнча конвенциясы жана БУУнун 1997-жылы кабыл алынган конвенциясы ашкере саясатташтырылып жатканын айтты. Буга мисал катары Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кол койгон Сырдарыя бассейниндеги суу-энергетикалык колдонуу боюнча келишимди атады. Бул жааттагы маселелерди жөнгө салуу үчүн Борбор Азия мамлекеттери үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүп туруусу керектигин билдирип, мында эл аралык сүйлөшүү аянтчасы катары Бириккен Улуттар Уюмунун ролу чоң экенин билдирди.
Өз сөзүн жыйынтыктап жатып Темир Сариев Кыргыз Республикасы суу-энергетикалык маселелерди талкуулоого дайым даяр экенин баса белгиледи.